Ошто тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык талапка жооп бербеген 6 кафе жабылды (тизме)

Ош шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан маалымдашты.

— Рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарга жооп бербеген кафе-ашканаларга 5000 сомдон-13 000 сомго чейинки айып пулдар салынып, укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталды. Бардыгы биригип 120 миң сом айып пул салынды.

Андан тышкары Ош шаарында жайгашкан «Дүрдана», «Азизим», «Жаңы доор», «Береке», «Увам», «Памир» кафе, ашканалары кепилдик каттын негизинде ремонт иш-чараларына жабылышты.