Ошто тартылган видео тараган соң, мамлекеттик кызматкерлерге карата чара көрүлдү

Социалдык тармактарда “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат”  деп тараган маалыматтын негизинде, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Ош  мэриясынан билдиришти.

“Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Доолатбек Кокочоровго, Ош мэриясынын муниципалдык менчик башчысы Канышай Имаровага эскертүү, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго эскертүү берилип, “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиевди жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди. Ошондой эле, териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашты делинген Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, “Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын төмөнкү кызматкерлери Алтынбул Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев, Ашимжан уулу Нооруз ушул күнгө карата аталган ишканада иштебей тургандыктары аныкталды. Мындан сырткары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ГазпромКыргызстан” ЖЧКсынын “ОшГаз” филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго карата чара көрүү боюнча аталган мекемелерге Ош мэриясы тарабынан сунуштар жиберилди.

Буга чейин Ош мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жетекчилери депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо боюнча Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аппараттык жана коллегиялык отурумдарда бир канча жолу эскерткен. Андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга кат да жиберилип маалымдалган.