Ошто тигүү фабрикасынын курулушунун биринчи этабы аяктоо алдында турат

Кечээ, 13-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан текстиль фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Таанышуу учурунда Алмаз Мамбетов жалпы аянты 23 миң чарчы метр болгон тигүү цехтери, поликлиника, ашкана, лаборатория жана административдик имараттардын курулушун көрүп чыккан.

«Ош шаарындагы текстиль фабрикасы 7 миңге жакын адамды жумуш менен камсыздайт. Бул долбоор 2018 -жылдын июль айында башталган, фабриканын курулушу үч этапка бөлүнгөн. Биринчи этап дээрлик аяктады. Учурда РКӨФу тарабынан каржылоо күтүлүүдө, анын жардамы менен тигүү, кесүү, полиграфиялык жабдуулар жана саймаларды түшүрүү боюнча жапон жана немис өндүрүшүнүн керектүү жабдуулары сатылып алынат. Техниканын биринчи партиясы сентябрдын аягына чейин келиши күтүлүүдө. Долбоордун биринчи этабынын башталышы сентябрдын аягына пландаштырылган. Долбоордун инвестициялык суммасы: 153 миллион доллар. Анын ичинде биринчи этапка 35 млн. доллар бөлүнгөн. Биринчи этаптын ичинде тигүү цехи ачылат. Келечекте жүн ийрүүчү цехти ачуу пландалууда, анда күн сайын пахтадан 700 тоннага жакын жип өндүрүлөт”, — деди фабриканын башкы директорунун орун басары Нурсейит Муратов.

«Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Ош шаарында курулуп жаткан биринчи текстиль фабрикасы.