Ошто тоо койнунда эс алууга аттанган 26 баланын сапарына бөгөт коюлду

Кара-Суу райондук милиция кызматкерлерине 19-май күнү саат 04:00 чамасында Алай районунун Сары-Ой жайлоосуна балдар кичи автобус жалдап алып, тоо койнунда эс алууга чыгып кеткендиги маалым болгон. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери билим берүү кызматкерлери менен биргеликте ыкчам аракеттерди көрүшүп, балдардын эс алуу аракетине бөгөт коюлду.
Балдар Отуз-Адыр айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын ата-энелери чакыртылган. Териштирүү учурунда эс алууга чыккандар Кара-Суу районуна караштуу орто мектептердин биринде 10-класста окуган 8 окуучу, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун 6 студенти, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 1 студенти жана эч жерде окубаган 9 бала экендиги аныкталган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин талаптарына ылайык, айыптар салынды. Ал эми аталган окуу жайлардын жетекчилигине жана Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө сунуштар берилди.