Ошто төрөлгөн 3 эм жана алардын апасы төрөтканадан чыгарылды

22-июлда Ошто 21 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын абалы туруктуу экенин, үйүнө чыгарылганын билдирди.

«22-июлда Ош шаарындагы перинаталдык борбордо кесарево жолу менен эки уул жана бир кыз төрөлдү. Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон. Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды»,— дешти.