Ошто турак жайга муктаж болгон көп балалуу эки үй-бүлө жаңы батирге ээ болушту

Кечээ, 4-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев туруктуу үй-жайы жок Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну 7 балалуу Шерзод Умарбаевдин үй-бүлөсүнө (2 уул жана 5 кыз) жана Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну 7 балалуу Гүлнара Алип кызына (4 уул, 3 кыз) демөөрчүлөр тарабынан алынган жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
Аталган батирлер «Капитал строй инвест» жана «Сулайман Групп» курулуш компаниялары тарабынан жардам иретинде берилди. Жеке батирге ээ болгон үй-бүлөлөр мэрдин колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.