Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тягунова акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык ардагерлер союзунун, Ош аскер гарнизонунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышкан. «Тягунованын сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө коюлду. Ардагерди эскерүү менен үч жолу ок атылды»,- деп айтылат маалыматта.

Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. 1942-жылы Темрюк шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматына чакырылган. 1942-1946-жылдары Украина фронтунун 232- госпиталында аскер медайымы болуп кызмат өтөп, андан кийин үй кожойкеси болгон. Маркум II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени, юбилейлик медалдар менен сыйланган. Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды.