Ошто ылай-чаң болгон дарактарды жууп жатышат (видео)

Ош шаарындагы ылай-чаң болгон бак-дарактарды «Ошто көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы жууп, тазалап жатышат. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Абай Большевиков социалдык тармактарга жазды.

Анын айтымында, бак-дарактар жылда апрель-май айларында жуулса, быйыл Ош шаарында көчөлөрдө асфальт сыйрылып, ылай-чаң көп болгондуктан февраль айында эле бул ишти башташкан.

«Жаз жыттанып, күн жылып баштады. Ага улай кышы менен дарактарга кабатталып орногон ылай чаңдан арылууну баштадык. Шаардын негизги көчөлөрүндөгү бардык дарактар жуулат. Өзгөчө можжевельник, туялардын баарын жууп, тазалап чыгабыз. Бүгүнкү күндө төрт көчөнү бүтүрдүк», — деп жазды Абай Большевиков.