Ошто мыйзамсыз кармалып турган арстандын 8 айлык күчүгү табылды. Маалыматка ылайык, жырткыч эч шарты жок жерде, ысыкта кармалып турган.
Экологиялык көзөмөл кызматы жырткычты кармаган кишиге 20 миң сом айып салып, жаныбарды Ош шаарындагы зоопаркка убактылуу өткөрүп беришти.