Ошто жаңы курулган инфекциялык оорукана ноябрдан тартып бейтаптарды кабыл ала баштайт

Ошто жаңы курулган инфекциялык оорукана ноябрдан тартып бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы курулган оорукана менен таанышып, объект керектүү жабдыктар менен жабдылганын баса белгилеген. Жаңы оорукана 280 орунга ылайыкташкан.

Буга чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпустун ачылышы болгон. Объектти каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 77 миллион 500 миң сом акча каражаты сарпталган.