Ошто 3 өспүрүм автокырсыктан каза болду

Ошто жаш курагы жете элек 3 өспүрүм автокырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, окуя бүгүн болжол менен түнкү саат 3тө орун алган. Анда Мерседес-Бенц унаасы шаардагы көчөлөрдүн бири менен кетип жатып рулду башкара албай, мамыны сүзгөн.

Натыйжада унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми 17 жаштагы эки бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгон.