Оштогу 18 окуучунун ооруканага жаткырылышы. «Окуучу класска атыр чачып ийген» дешти министрликтен

Буга чейин Ошто 43 окуучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени, анын 18и ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 30-мартта алардын 14ү оруканадан чыгарын билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен окуя тууралуу маалымат беришти. Министрликтен билдиришкендей, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгон.

«4 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Балдардын абалы жакшы. Бир окуучу ата-энесине тердейм деп айткан окшойт. Ата-энеси Орусиядан атыр ала келишкен экен. Ошону дайыма жанында алып жүрчү экен. Аны класстагы бир шок досу класска чачып ийген», — дешти.