Оштогу 85 жаштагы студент: «Окууга баштык көтөрүп келгем, курсташтарым сумка белек кылышты»

Мамат Кулматов 85 жашта. Ал “10 жашар кезимде апам оорудан каза болгондо медицина кызматкери болом деп максат койгом, ошол кыялымдын артынан фармацевтикага келдим” дейт. Көпчүлүктүн каршы болгонуна карабай илим-билимге кызыгып, студент болгон аксакал менен маектештик.

«Мен башында керектүү окуу куралдарын баштыкка салып келгем. Бул сумканы курсташ кыздар белек кылышты. Азыркылар телефондон окушат да, мен китепке көнүп калгам. Чынын айтам, сабакта айрым учурларда жазып жетишпей калам. Китепти алып кетип, жазып келем»,- деди ал.