Оштогу Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыртылат

Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз куруу иши башталды. Бул тууралуу Ош мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барды. Калаа башчы дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолугуп, көрүстөндө кан чыгарып, куран окулду.

Ошондой эле жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоорун талкуулашып, бүгүнтөн тарта иш башталды. Мындан сырткары көрүстөндүн кире бериши да оңдолот.

Бул иштерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүп, күмбөздөрдү жаңыдан курдуруп бермей болушту.