Оштогу ат майдандан көк бөрүнүн судьясын кантип алып чыгып кетишкен? Видео тарады

Социалдык тармактарда Оштогу ат майдандан көк бөрүнүн судьясын кантип чыгарып кеткени тууралуу видео тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөрмандардын калыска нааразы болушунан улам оюн аяктаган соң башаламандык башталып кеткен.

31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган. Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан. Ал эми ошол эле күнү көк бөрү боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады. Андан алар элди бөлүнбөөгө чакырган. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуядан кийин ооруканага 2 адам кайрылганын, анын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы экенин, бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды. Ал арада УКМК башчысы чукул кайрылуу жасап, чыр чыгаргандар жазасын аларын убада кылды.