Оштогу балдар ооруканасында жамбаш сөөккө уникалдуу операция жасалды

Август айынын башында Ноокат районунун тургуну кызынын тубаса жамбаш сөөгүнүн өсүүсүнүн жетишсиздиги боюнча кайрылган. Ага чейин бул диагноз менен бир нече жолу операция болгон, бул сапар ооруканага Орусиянын илим изилдөө борборунун ортопедия бөлүмүнүн башчысы Михаил Тепленький, ортопед-травматолог, жогорку категориядагы дарыгер Эдуард Парфенов келишип, уникалдуу операция жасашты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар ооруканасынан билдиришти.

«Операциянын өзгөчөлүгү алар жамбаш сөөктү тегиздеп, калыбына келтиришкен жана жамбаш сөөк менен бутуна Илизаров аппаратын коюшкан. Мындай операцияны кыргызстандык кичинекей кызыбызга жасоо менен тажрыйба алмашып, биздин дарыгерлерге да үйрөтүп кетишти», — дешти.

Травматология бөлүмүнүн дарыгери Тамырлан Абдыкадыров: «Биздин биргеликте өткөргөн операциябыз алгач, бейтаптын абалын жакшыртуу болсо, экинчиден, бул аппаратты Орусиянын дасыккан дарыгерлери өздөрү коюп, бизге жардам бергени чоң олжо. Бул аппарат сөөктүн туура өсүшүнө, бейтаптын басып кетишине шарт түзөт. Орусиялык кесиптештерибизге аппарат үчүн, жасаган операциясына терең ыраазычылык билдиребиз», — деди.