Оштогу батирден 93 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

23-июль күнү «112» кызматынан ӨКМге Ош шаарынын Исанова көчөсүндө көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин тургуну эшикти ачпай жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган. Куткаруу кызматы аталган дарекке барып, шаймандардын жардамы менен терезе аркылуу кирип, эшигин ичинен ачканда, батирден 1928-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти