Оштогу базарды көчүрүү. «Жаңы базар бүткүчө соода кыла бериңиздер» дейт мэрдин орун басары

Борбордук базардын ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Марс Исаевдин билдирүүсүн мэриядан таратышты.
«Учурда борбордук базар ачык. Соода кылууга тоскоолдук жок. Базардын ичиндеги соода түйүндөрүнө кирген селдин кесепетинен пайда болгон таштандылар, ылай тазаланып берилген. Бүгүнкү күндө селдин нугун буруп базарга ашып кетүүсүнө негиз болгон базардын тегерегиндеги мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, бетон тосмолор гана бузуп алып салынууда. Анткени кайрадан сел келип кырсык болуп кетпөөсүнө кепилдик жок. Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыктын алдын алууга милдеттүү. Ал эми жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, борбордук базар жаңы муниципалдык базарга чыгарылат. Андыктан жаңы муниципалдык базар бүткөнгө чейин соодаңыздарды жүргүзө берсеңиздер болот», — деди ал.