Оштогу борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт

Кечээ, 19-июлда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыкты.
Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет.