Оштогу жалпы шаардык ишембиликте 700 тонна таштанды чыгарылды (сүрөт)

Бүгүн, 3-апрелде Ошто жалпы шаардык ишембилик өттү. Анда 700 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке шаардагы бардык уюмдардын, муниципалдык мекемелердин жана саламаттык сактоо, билим берүү жана башка ведомстволордун эмгек жамааты чыгышкан. Алардын катарында жогорку окуу жайлардын, бала бакчалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар дагы бар.

Алар калааны таштандыдан арылтып, дарактарды актап, имараттардын сырткы көрүнүшүн сырдап, арыктарды жана тротуарларды тазалашкан.