Оштогу жаңы көпүрө авариялык абалдабы? Мэриянын жообу

Бүгүн, 13-сентябрда социалдык тармакта Ош шаарындагы жаңы курулган көпүрөдө жарака пайда болгону тартылган видео тарады.

Көп өтпөй Ош мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов жогорудагы видео боюнча тийиштүү адистин түшүндүрмөсү тартылган видеону жарыялады. Адистин айтымында, ал жарака эмес.

30-августта Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилген болчу.