Оштогу жер титирөө: Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:58де Өзбекстандын аймагында жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 магнитудага жетип, MSK-64 шкаласы боюнча бааланган.

Жер титирөө төмөнкү аймактарда сезилди:
4 баллга чейин – Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айылы;
Араван районунун Араван, Кочубаева айылдары;
3 баллга чейин – Ош шаары;
Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдары;
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары, Кыргыз-Чек, Кашгар-Кыштак, Шарк, Нариман, Большевик айылдары;

3 баллга чейин – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.