Оштогу кафеден чыккан өрттөн жабыркагандар жок экени айтылды

ӨКМ буга чейин маалымат таратып, Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканын билдирген.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, 1 автошаты, саат 10:02де Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, саат 10:04тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 10:16да чектөөгө алынып, болжол менен имараттын 700 чарчы метр аянты күйгөнү белгилүү болгон. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.