Оштогу мектепте чоң класстар тарабынан сабалган окуучулар. Министрлик кимдерге жаза берди?

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эне кайрылып, видео менен бөлүшкөн. Анын айтымында, окуучуларды өзүнөн чоң класстын окуучулары сабап, аларга «салык» салышат. «Видеодо Ош облусунун Өзгөн районунун Жээренчи айылындагы Жумакадыр Мойдунов атындагы мектеп окуучулары тартылган. Ушинтип чоң балдар «налог» салып, сабашат экен Сабалып жаткан 7-класстын окуучулары», — деген ал.

Видео боюнча Билим берүү министрлиги маалымат таратты. «Өзгөн районуна караштуу Жумакадыр Мойдунов атындагы № 11 орто мектебиндеги окуучулар арасындагы пикир келишпестик 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган. Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “эскертүү” жазасын алды», — дешти.