Оштогу мектепте чоң класстар тарабынан сабалган окуучулардын видеосу тарады

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эне кайрылып, видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, окуучуларды өзүнөн чоң класстын окуучулары сабап, аларга «салык» салышат. «Видеодо Ош облусунун Өзгөн районунун Жээренчи айылындагы Жумакадыр Мойдунов атындагы мектеп окуучулары тартылган. Ушинтип чоң балдар «налог» салып, сабашат экен Сабалып жаткан 7-класстын окуучулары», — деди ал.

Видео боюнча редакция Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда, окуя катталганын, териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты.