Соцтармакта Оштогу мектептердин биринин алдында балдарга таттуу тараткан кишинин видеосу тараган. Ошондой эле таттууну жеген балдар ууланып калган деп айтылган.
Ош шаарынын милициясы маалымат тастыкталбаганын билдирди. Маалыматка караганда, Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу балалуу болуп, окуучуларга таттуу тараткан.
«Эч кандай жаман ою жок болгонун айтты. Ага карабастан тергөө уланууда. Ата-энелер тарабынан эч кандай арыз түшкөн эмес»,— дешти милициядан.