Ош шаарынын Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар катышты.
Реконструкциялоо иштеринен кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп өзгөрдү. Узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр.
Кыска убакытта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулат.