Оштогу ооруканада кезекте тургандардын видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучусу Гүлгакы Мамасалиева Ош облустук ооруканада тартылган видео менен бөлүштү. 

«Апамды Ош облустук ооруканасына жаткырганы бардым эле. Кезекке туруу үчүн талон бергенге эки эле терезе иштейт экен. Кезек көп, эл биринин үстүнө бири чыгып жатат. Талон алам деп өпкөм үзүлүп калайын деди. Азыркы IT-технология өнүккөн заманда электрондук кезек кылганга акыл жетпейби?»,- деп жазды ал.