Оштогу сел: базардан агып кеткен 39 жаштагы аял изделип жатат

Бүгүн, 16-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон аялды издөөгө ӨКМдин 143 куткаруучусу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы 5 адам изделип, анын 4ү табылган. Учурда 1985-жылы туулган аял киши изделүүдө. Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.