Оштогу сел: Базарда Ак-Буура дарыясынан өткөн көпүрөлөр алынууда

Ош шаарындагы борбордук базарда Ак-Буура дарыясынан өткөн, өз билемдик менен мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү жумуштары башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Сел ташкынын кесепеттерин жоюу максатында аткарылып жаткан бул иш-аракеттерге Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.