Оштогу сел жүргөн аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди

Сел жүргөн аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

«14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 6 электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Учурда Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө»,- дешти.