Оштогу сел: Камчыбек Ташиев жапа чеккендерге кандай жардам болорун айтты

Бүгүн, 19-июлда Камчыбек Ташиев Оштогу селден жапа чеккендерге кандай жардам берилерин айтты. УКМКнын төрагасы Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, жергиликтүүлөр менен жолугушуу үчүн барган.

Селден 76 үй жараксыз болуп калган. Аларга 1 миллион сомдон акча берилет.

Капиталдык оңдоого муктаж 56 үй бар. Аларга ээлерине 500 миң сомдон берилет.

Борбордук базарда 750 контейнерге зыяны тийип ичиндеги товарларды агызып кетти деп жатышат. Буга чейин катталып, салык, патент төлөп жүргөндөргө 100 миң сомдон берилет.

ЭлТР телеканалы жарыялаган видеодо Камчыбек Ташиев каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон берилери  маалымдалды.