Оштогу сел. Президенттин атынан түлөө өткөрүлдү (видео)

Ошто селден кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда түлөө өткөрүлдү. Ал иш-чара өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан өткөрүлүп жатканын айтты.

«Түлөө өткөргөндү Садыр Жапаров да туура көрүп, өзүнүн атынан өткөрүп жатат. Сиздерден биз сабырдуулукту суранат элек. Сиздер менен чогуу Кудайдан сураналы деп келип отурабыз. Аманчылык болсун», — деди Акылбек Жапаров.