Оштогу сел: Үй-бүлөсүн жоготкон атага муфтий көңүл айтууга барды

Кечээ, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Ош шаарына жасаган иш-сапарында селдин кесепетинен бир үй-бүлөдөн 4 киши каза болгон Ош шаарынын тургуну Хайдарали Низамеддиновдун үй-бүлөсүн зыярат кылды. Зыяратынын алкагында сел кырсыгынан курман болгондорго багыштап Куран окуп, дуба кылды.

Муфтий каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, акчалай жардам көрсөтүү менен Оштогу жалпы жума окулган мечиттерде Куран окулуп, дуба кылынганын айтты.

«Айттырбай келген кырсык баарыбызды мүңкүрөтүп, мүлдө кыргыз элин кайгыга салып койду. Кыян жүргөн күндөн тарта жалпыбыз дуба кылып, Жаратканга жалбарып турдук. Ош ооданындагы жума окулган мечиттерде Куран тилават кылынып жатты. Табият кырсыгы себептүү каза болгон бир туугандарыбызды Алла Таала өз ырайымына алып, шейиттик даражаны ыйгарган болсун», – деди муфтий өз сөзүндө.