Оштогу СИЗОдо шектүү өз жанын кыюуга аракет кылды

Ош шаарында жайгашкан 5-СИЗОдо өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин алдын алынганын Жаза аткаруу кызматынан 6-мартта билдиришти.

10-декабрда адам уурдоо менен айыпталган 38 жаштагы жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан которулган. 13-декабрда ал ачкачылык жарыялаган. Анын айтымында, кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан жана ага коюлган айыптардын баары негизсиз. ЖАК анын бир нече жолу тамактан баш тарканын билдирди.

2-мартта түнкү саат 23:00 чамасында адам камерада өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап, керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Учурда абактагы адам ачкачылык акциясын улантууда. Дарыгерлер анын ден соолугун текшеришет.