Оштогу таксист келин: «Туура эмес ийне сайылып, баспай калгам»

Мээргүл Дөөлөтбаева 37 жашта. 2 баланын апасы. Ал ага бала кезинде туура эмес ийне сайылып, кийин баспай калганын айтат. “Балдарымды багуу үчүн такси кызматында айдоочу болуп иштейм. Кээде той-топурда ырдайм” деген келиндин баянын видеодон көрүңүз.

«Жолдошум экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө 10 жыл болду. Ошондон бери 2 баламды багып келе жатам. Балдарымдын улуусу 16, кичүүсү 11 жашта. 

Мен 2 жашымда дене табым көтөрүлүп, ооруп калгам. Айылдагы ФАПка алып барып, ийне сайдырышкан. Ошондон кийин колу-бутум иштебей калган. Ага чейин басып эле жүргөм. Барбаган жерим калган эмес. Мени атам 11 жашыма чейин көтөрүп жүрдү. Дарыланып жүрүп колум иштеп, кайра отурууну үйрөнгөм. Мугалимдер үйгө келип, сабак беришчү»,- деди ал.