Ошту шаңга бөлөгөн Даун синдрому бар Микинин апасы: «Үйдүн дарегин кагазга жазып, чөнтөгүнө салып койчубуз»

Каарманыбыз Рыскелди Таалайбек уулун көпчүлүк Мики деп тааныйт. Даун синдрому бар жигит Оштун көчөлөрүндө бийлеп элге таанылган. Бул ирет биз анын жакындары менен маектештик.

«Жаныңда жүрүп эле жоголуп кетет. Таппай каласың. 1-майда саат 11лерде жоголуп кетти. Кечки саат 5те таптык. Милицияга барсам, «сууларды караңыз, бирөө түртүп жибербесе эле» дешти. Ыйладым. Азыр үйдү жакшы билип калды, ал учурда билбейт эле. Чөнтөгүнө үйдүн дарегин кагазга жазып, салып жүрдүк», — деди апасы.