Оштун Араван районунда экспорт үчүн атайын картошка эгиле баштады

Ош облусунун Араван районунда экспорт үчүн атайын картошка эгиле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араванда эгилген картошкалар Орусиянын аймагына экспорттолот. Ошондой эле Облус башчысы Жарасул Абдураимов Араван районуна иш сапар менен барып, жазгы талаа иштери, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана экспорттоо тууралуу жеринен маалымат алып, экспорттоло турчу картошкалар эгилчи 12 гектар айдоо жери менен таанышып келген.