Оштун борбордук аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт

Бүгүн, 31-декабрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта “Жаңы жыл – 2025” аталышындагы майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Күндүзгү саат 12:00дөн тарта “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин, №1 С. Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын таланттары, билим берүү башкармалыгы, Ош мамлекеттик жана педагогикалык университтетери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалары тартууланат. 

Ал эми кечки саат 18:00дөн тарта түнкү саат 22:00гө чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын Жаңы жылдык концерттик программасы менен уланат»,- деп айтылат маалыматта.