Оштун жаңы мэри эмгек жамаатка тааныштырылды (сүрөт)

Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 29-ноябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ош шаарына жаңы мэр дайындалган. Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Бакытбек Жетигеновду Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жамаатка тааныштырып, Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады. Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында бир 1 жыл 4 ай убакыт иштеди.