Оштун мэри балдар үйүндөгү Айшадан кабар алып, камкордугуна аларын убадалады

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнө барып, тарбияланып жаткан 12 баланын абалы менен таанышкан.

Эң кичүү тарбиялануучу — эки жаштагы Айша болгон. Мэр өзүнүн жеке каражатынан ай сайын 5 миң сомдон каржылык жардам көрсөтөрүн убада кылган.

Кечээ, 26-августта Ош мэри Айшадан барып дагы кабар алды. Көптөгөн кайрылуулар, сунуштар жеке кат куржунуна келгенин айтып, дайыма өзүнүн камкордугунда болорун убадалады.