Оштун жаңы мэри Жеңишбек Токторбаев бир катар талаптарды койду

Ошко жаңы дайындалган мэр Жеңишбек Токторбаев аппараттык жыйында кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын айтты.

 «Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес. Шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөө. Жыйынтык көрсөтүү. Мен эч кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейм. Сиздерден да ушул нерсени талап кылам», — деди Токторбаев.

 Мындан тышкары ал кызматкерлерге бир катар талаптарды койду.

— Жетекчилер мындан ары жумушка коомдук транспорт же жеке транспорт менен келесиңер. Эч ким кызматтык унаасын колдонбойт.

— Ар бир жетекчи кайсыл жерге барбайлы, курулуш иштери болобу, жолго чыгабызбы, даярдыкта болгула бөлмөңөрдө тиешелүү кошумча өтүк, кийим-кече болушу керек.

— Шаардын жолдорун оңдоого, кардан тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, 80-жылдары чыккан техникалар жүрөт, жаңы атайын техникаларды сатып алабыз.

— Мындан ары аппараттык жыйындар, тиешелүү жетекчилер менен бирге мэрияда эмес ар бир аймакта, маселе жаралган жерде өтөт.

— Кызыл сызыктан чыккан, жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде соода-сатык түйүндөр буздурулат.

 “Менин эшигим сиздер үчүн ар дайым ачык. Сунуштар болсо, маселе жаралса түз мага кайрылгыла”, — деген Жеңишбек Токторбаев жетекчилерди куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып кирүүгө тыюу салды.