Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматкери «чөп чаап алайын» деп жумушка келбей койгонуна нааразы болду.
«Жумушка чакырсам келбейт, чөп чаап алайын дейт. Менин да чөбүм бар. Жеке жашоом жок. Бирөөнө да эмгек өргүү жок. Президент да эмгек өргүү жок иштеп жатат. Канча кондиционер бар бизде? Баарын өчүрүп койгула. Кондиционерге көп акча кетип калып жатат»,- деди ал.