Оштун мэри кызматкерлерин сөккөн видео тарады

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кол алдындагы кызматкерлерин сөгүп жаткан видео тарады.

Видеодон мэрдин бир ишке нааразы болуп жатканын угууга болот. Качан тартылганы азырынча белгисиз.