Оштун мэри президенттик шайлоого катышабы? Расмий жооп

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин сүрөттөрүн пайдалануу менен чындыкка дал келбеген билдирүүлөр таратылып жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

«Мында айтылган маалыматтар жана “Ош мэри Жеңишбек Токторбаев 2027-жылда болчу президенттик шайлоого өз кандидатурасын коё турганын айтты” деген билдирүү калп жана чагымчылдык мүнөздө экендигин билдиребиз»,- дешти.