Оштун мэри үч эмдери бар дагы 3 үй-бүлөгө батир белек кылды

Ош мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы үч эм балдары бар үч үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алар:

Саматбек Сатыбалдиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм наристелери Асылай, Ариет, Азирет;

Рустамбек Кудайкуловдун үч эм кыздары Сабина, Самира, Медина;

Медербек Маматовдун үй-бүлөсүндөгү үч эм Рабия, Разия, Рафияга эки бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды.