Оштун мэри үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.