Өсүмдүк май менен кумшекердин баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков брифингде билдирди.
Анда ал ири соода түйүндөрүнө бир катар талаптар коюлганын айтты. Алар:
- Негизсиз баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө;
- Запастарды ар дайым камсыз кылуу;
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузбоо.
«Учурда Экономика жана финансы министрлиги тарабынан аталган долбоор даярдалып, кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча каралып жатат. Эгерде токтом долбоору кирип калса, биз тийиштүү көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзөбүз», — деп айтты Тайлаков.