Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов кыргыз-өзбек чек арасында Өзбек чек арачылары тарабынан атып өлтүрүлгөн Кыргызстандын 2 жараны боюнча маалымат берди.
«Чаткал районунда жагымсыз окуя катталды. Биздин 1997, 2002-жылы туулган жарандарыбыз 11 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. 1-сентябрда жансыз денеси келди. Алар 21-август күнү үйүнөн чыгып кетишкен. Демаркация иштери жүргүзүлбөгөн тоолуу аймакта чек араны байкабай кесип кетишкен. Булар сейрек кездешүүчү, Кызыл китепте кирген өсүмдүккө барышкан. Анын тамыры 2020-жылдан баштап 300дөн 1000 сомго чейин чыкты. Аны чет өлкөлүктөр алат экен. Эндикти казабыз деп барышкан. Ушуну токтотолу. Жаратылыштын да ээси бар», — деди депутат.