«Өткөн ажолордун элге каршы иштегенин бизге караганда сиз жакшы билесиз». Атыр Абрахматова Садыр Жапаровго кайрылды

Бүгүн, 1-мартта жарандык активист, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абрахматова социалдык баракчасы аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Анын айтымында, бийликке каршы сын-пикир айткан жаштарга, жарандык активисттерге бийлик тарабынан коркутуп, кодулоо болбошу керек жана бул тууралуу өз пикирин президент айтышы керек.

«Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы жарандарын куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позицияңызды ачык билдирип коюуну талап кылабыз.

Өлкөнүн расмий бийликтеринен башка пикирдин болушу жана аны ар бирибизге жеткиликтүү каражаттар аркылуу эркин таркатуу — бул мамлекеттин өнүгүү деңгээлинин, бийликтин “элге кызмат кылуу” стандартын туу тутканынын көрсөткүчү.

Сөз эркиндиги кемсинтүүгө, жалаа жабууга, калп айтууга жана басмырлоого жол бербөө менен гана чектелген. Бул стандарт ар бирибизге мүнөздүү болушу керек.

Сын пикир айткандарга моралдык коркутуу же кысым көрсөткөн, “макул эместигиңердин кесепеттери жөнүндө ойлонушуңар керек” деп кыйытып кодулоо үчүн ар бир мамлекеттик же укук коргоо органынын кызматкеринин жоопкерчилигин камсыз кылып, жумуш ордунан бошотууларына кепилдик беришиңизди талап кылабыз. Ар бир жарандык активистти коркутуу боюнча маалыматтын тез арада тергелип же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланышы керек.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз эл үчүн жооптуу кызматтын үлгүсү болом деп убада бердиңиз! А биз, элдер ар кандайбыз, биз силер менен, УКМКнын төрагасы, ИИМдин башчысы, кеңешчилериңер менен бирдей ой жүгүртө албайбыз, дем ала албайбыз, сүйлөй албайбыз, жашообузду бирдей өткөрө албайбыз, жада калса биздин туугандар, ата-энелер, балдар менен дагы айырмаланат. Бирок биз баарыбыз Кыргызстандын элибиз, жогоруда айтылган кызмат адамдары бир гана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө милдеттүү болгон өлкөдөгү бирден-бир бийлик булагыбыз.

Кыргызстандагы 2005, 2010, 2020-жылдагы окуялары кыргыздын “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген нукура сөзүнүн далили. Элдин сын же башкача ой-пикир билдиргени — бул бийликтин чечимдеринин сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк. Сынга жана башка ой-пикирлерге ыраазычылык билдирүү керек, мурунку президенттердин жолун улап коркутуп, түрмөгө отургузуп, жок кылып же кемсинтүү — бул туңгуюк. Өткөн ажолордун элге каршы иштегенин, элден обочолонгону баарыбызга караганда сиз жакшы билесиз»,- деп жазды ал.